Пантенол 58 г дан же 116 г дан алюминий контейнерлерде

Поиск по алфавиту

Пантенол 58 г дан же 116 г дан алюминий контейнерлерде

Абданберчтенүүнү дарылоо үчүн башка дарылар. Декспантенол.
АТХ коду D03А Х03.

Купить в ближайшей аптеке

ДАРЫ КАРАЖАТЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛДОНУУ БОЮНЧА

НУСКАМА

ПАНТЕНОЛ

 

Соодадагы аталышы
ПАНТЕНОЛ

 

Эл аралык патенттелбеген аталышы 

Декспантенол

 

Курамы
1 г дары тɵмɵнкүлɵрдү камтыйт

Таасир берүүчү зат:   декспантенол 50 мг  (100 % затка кайра эсептөөдө);

Көмөкчү заттар: цетостеарил спирти (тип А) эмульгацияланган, метилпарагидроксибензоат (Е 218), макроголглицерол кокоат, пропиленгликоль, калий  дигидрофосфат, натрий гидрофосфат додекагидрат, тазаланган суу, тетрафторэтан.

 

Дарынын түрү

Сырттан колдонуу үчүн аэрозоль.

Сүрөттөмɵсү

Бир аз өзгөчө жыты менен ак түстөгү көбүк.

 

Фармадарылык тобу

Абданберчтенүүнү дарылоо үчүн башка дарылар. Декспантенол.
АТХ коду D03А Х03.

 

Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы

Декспантенол- пантотен кислотасынын туундусу (В5 витамининин). Эпителиалдык ткандардын пайда болуусун жана кызматын оӊдо түзɵп, репаративдүү таасир этет, сезгенүүгө каршы активдүүлүккө ээ, пантотен кислотасынын жетишсиздигин жок кылат. Организмде активдүү метаболитти – ациляцияны жана кычкылданууну күчөтүп, дээрлик бардык зат алмашуу процессинде катышкан (трикарбон кычкылдыктар  цикли, углеводдордун, майлуу кычкылдыктардын, фосфолипиддердин, белоктордун ж.б. алмашуусу), кортикостероиддердин,  ацетилхолиндин  жана порфириндин түзүлүшүн камсыз кылган, клеткалык зат алмашууда борбордук ролду ойногон А коферментинин синтезин субстраттык өбөлгөлөгөн пантотен кислотасын пайда кылат.

 

Фармакокинетикасы

Сырттан колдонууда  декспантенол пантотен кислотасына айланып, тери тарабынан тез сиңирилет. Өзгөчө жабыркаган тканга жакшы сиңет. Пантотен кислотасы  плазма белоктору менен байланышат (негизинен  бета-глобулин  жана  альбумин менен); ал  биотрансформацияга кабылбайт жана организмден өзгөрүлбөгөн түрдө көбүнесе заара (60-70%) жана заң менен бөлүнүп чыгат.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

Ар кандай тери жана былжырлуу кабыктардын жараланууларында, анын ичинде сыйрылууларда, күйүктөрдө, асептикалык операциядан кийинки жаракаттарда, тери трансплантацияларында, кан исиркектүү жана ыйлаакчалар менен теринин сезгенишинде колдонулат.

 

Каршы көрсөтмөлөр

Дарынын кайсы болбосун курам бөлүгүнө жогорку сезимталдык, абдан кɵп экссудация менен ириӊ жаралары.

 

Колдонуу жолу жана дозалар

Пантенол аэрозоль дарысын текши жабыркаган бөлүккө суткада бир же бир нече жолу чачуу керек. 

Дарыны чачып жатып, контейнерди клапанын өйдө каратып, вертикалдуу кармагыла. Сапаттуу көбүк алыш үчүн ар бир пайдалануунун алдында контейнерди жакшылап чайкоо керек, өзгөчө аны узак убакыт колдонбогон учурларда. Эгер дары биринчи жолу колдонулуп жатса, көбүк пайда болгонго чейин адегенде пропеллент гана чачылышы мүмкүн. 

Саптоону жараланган бөлүккө жакындатып, акырын басып, дарыны жараланган бөлүккө 10-20 см аралыкта 1-2 секунда чачуу керек.

Дарылоонун узактыгы оорунун түрүнөн жана жүрүшүнөн коз каранды жана дарыгер менен кеңешкенден кийин аныкталат.

Эгер  Пантенол аэрозоль дарысы беттеги бир бөлүктө колдонулса, аны түздөн-түз бетке себүү сунушталбайт. Дарыны колго чачып, андан кийин беттин тийиштүү жагына бөлүштүрүү сунушталат. Дарыны  көзгө, түздөн-түз оозго же мурунга себүүгө болбойт. 

 

Кыйыр таасирлер

Аллергиялык реакциялар,  анын ичинде  контакттык дерматит, аллергиялык дерматит, кычышуу,  экзема, бөртмөлөр, бөрү жатыш, теринин дүүлүгүүсү жана ыйлаакчалар.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана башка өз ара таасирдин түрлөрү

Пантенол аэрозоль дарысын колдонууда башка дары каражаттары менен өз ара таасири белгилүү эмес. 

 

Колдонууда тийиштүү коопсуздук чаралары

Контейнер басым алдында. Түшүп кетишинен, урунушунан жана тике күн нурларынын таасиринен, 50 °C жогору дан жогору ысытуудан сактоо керек. Көбүктү толугу менен колдонгондон кийин да  ачпагыла жана күйгүзбөгүлө, газды толук чыгаргандан кийин гана таштаса болот.  Ачык отко жакын жерде же кызыган буюмдардын жанында чачууга тыюу салынат.

Контейнерди вертикалдуу кармоо керек.  Дарыны алгачкы колдонууда контейнерди чайкап, көбүктүн пайда болушуна чейин биринчи үлүшүн чыгарып, андан кийин гана дарыны жараланган бетке сүйкөөгө болот. 

Көбүктүн көздөргө тийишинен сак болуу керек. Көбүктүн кокустан көздөргө тийип кетишинде суу менен жууш керек.

Өзгөчө этияттуулуктар

Дарыны жаракаттарга, күйүктөргө, аябай катуу ириңдөө менен трофикалык жана нурлануу жараларына сүйкөө сунушталбайт, анткени ал регенерация фазасында колдонуу үчүн жана нурлануу оордошууларын алдын алуу үчүн багытталган.

 

Кош бойлуулук же эмизүү мезгилинде колдонуу

Пантотенат плацентардык тосмо аркылуу активдүү транспорттук процесс менен өтөт жана эмчек сүтүнө анын сиңирилишине пропорционалдуу бөлүнүп чыгат. 

Декспантенолдун системалуу жеткиликтүүлүгү жергиликтүү колдонуудан кийин белгисиз болгондуктан, Пантенол аэрозолду кош бойлуулук же эмизүү мезгилинде теринин чоң бөлүктөрүнө карата пайдалануу  зарыл болсо, дарыны пайдалануунун эне үчүн пайдасы жана күмөн/бала үчүн мүмкүн болгон тобокелди кылдат таразалоо керек. Кош бойлуулук ичинде дарыны дарыгердин көрсөтмөсү боюнча пайдаланса болот. Эмизүү мезгилинде үрптүн жарылышын дарылоо үчүн пайдаланууда эмизүүнүн алдында дарыны жууп салуу абзел.

 

Авто унааны башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакция ылдамдыгына таасир этүү жөндөмдүүлүгү. 

Атайын эскертүүлөр жок.

 

Балдар

Балдарга дарыны дарыгердин дайындоосу боюнча жана чоңдордун көзөмөлү астында кабыл алуу шарт.

 

Ашыкча доза

Нускамага ылайык Пантенол аэрозолду пайдаланууда  дозасынан ашыруу күмөндүү. 

Дарынын көп өлчөмүн пайдаланууда ички уулуу натыйжалар күтүлбөйт. Ашказан-ичеги карын бузулуулардын пайда болушунда дарылоо оору белгилерин жоготууга багытталган.

 

Жарактуулук мөөнөтү.

2 жыл.

Дарыны таңгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт. 

 

Сактоо шарттары

25 °С дан жогору болбогон аба табында, балдар жетпеген жерде сактоо керек.

 

Таңгакча

58 г дан же 116 г дан  алюминий контейнерлерде сепкич жана коргоочу капкакча менен. Ар бир контейнер медицинада колдонуу боюнча нускама менен кутучага салынат.

 

Берүү шарттары

Рецепти жок.

 

Өндүрүүчүнүн аты жана жайгашкан жери

«Микрофарм» ЖЧКсы.

Украина, 61013, Харьков ш., Шевченко көчөсү, 20.